Биз жѳнүндѳ

Мектептин тарыхы

Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин басып өткөн тарыхый жолу.

  Алгач мектебибиз төрт жылдык башталгыч мектеби болуп карлик системасында окутулган.Зав школу Алапаев Кулубай агай окуткан.

   1973-жылы ОША 1 тибиндеги 8-жылдык мектеп салынган.Мектеп 1974-жылы 8жылдык мектеп болуп ачылып,Алыш Кеңеш эки айылдын окуучулары окушкан. Ушул учурда мектеп директору болуп 1974-жылдан баштап Алапаев кулубай агай эмгектене баштаган. Окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Мухулаева дайындалган.

  Жаңы мектепке ар бир предметке мугалимдерди районо тарабынан дайындалып

иштей баштаган.Мектептин ички жана тышкы жасалгаларын учур талабына ылайык класс кабинеттери жана  спорт аянтчалары,айлана чөйрөлөрү жашылдандыруу-көрктөндүрүү жактары дагы жакшы жолго коюлган.

  1981-жылы сентябрь айынан баштап Алапаев Кулубай агай директорлук жумушун өткөрүп берип,өмүрүнүн акырына чейин математика мугалими болуп иштеген. Мектептин салынышына ,техникалык базасын түзүүдө Алапаев Кулубай агайдын эмгеги  зор.

  1981-жылдын  1-сентябрынан баштап Исмаилбекова Нуржан билими жогорку музыка мугалими жана мектеп директору болуп иштеди.

  1982-жылдын март айынан баштап башка жумушка кеткендигине байланыштуу Исмаилбекова Нуржан жумуштан бошотулду.

  1982-жылдын апрель айынан баштап райононун буйругу менен Нарын районундагы Калинин орто мектебинин директорунан Кеңеш сегиз жылдык мектебинин директору болуп Жабуева Асипкан дайындалды.Жабуева Асипкан билими жогорку кесиби биология мугалими болуп эмгектенген.Кеңеш сегиз жылдык мектебинде300кө жакын окуучулар Алыш,Кеңеш айылынан келип окушту.Мугалимдердин жалпы саны 20. Жоргорку билимдүүлөр 8, атайын орто билимдүүлөр 12мугалим эмгектенген.

Мектептин техникалык базасын чыңдоодо Асипкан эже бир топ алгылыктуу иштерди алып барды.Мебелдер,эски парталар,шкафтар,доскалар,техникалык жабдуулар жокко эсе эле.Класстык кабинеттер талапка ылайык жабдылып чыкты.Мектептин ички залдарын жана тышкы жасалгаларын сүрөт мугалими Жапаңов Нарынбек мугалимдер менен чогуу жабдып чыгышты.

  1986-жылы мектеп тар болуп кошумча мектеп салууга демилге башталды.Бул демилгеге мугалимдер,айыл жашоочулары кошулуп районого билдирүү жасашты. Тянь-Шань райондук аткаруу комитетине кат жүзүндө кайрылуу жасашты.Ошол мезгилде Тянь-Шань аткаруу комитетинин председатели Касымбекова Бүбүсалый эле.Касымбекова Бүбүсалый облустук кеңешке депутаттыкка койгон.Анда Ленин атындагы колхоз эле.Биздин айыл Касымбековага наказ беришти.Депутаттыкка өтүп,наказ толук аткарылып №2 корпус залы менен 3 класстык бөлмө болуп салынды.Мектептин жылуулук системасы печка,контрамарка менен жылыйт эле.

    1982-жылы жылытуу системасын свет менен жылытууга өткөрүлгөн.

   1991-жылдан баштап мектепке да оор боло баштаган.Мугалимдер айлык албай 3-5 айга чейин иштешти. Кээ бир мугалимдер кете баштады.Ошондо жергиликтүү эски мугалимдер сабак берип окуу процессин токтоткон жок.Окуучуларыбыз предметтик олимпиадага барып 1-2-3 орундарды алып келишкен.

   Мектеп боюнча 4 «Эл агартуу» мугалими эмгектенген.Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Осмонов Султангазы окуу тарбия иштери боюнча көп жакшы иштерди аткарды.

 1996-жылдын октябрь айынан баштап Жабуева Асипкан өзүнүн ыктыяры менен жумуштан бошотулуп,өмүрүнүн акырына чейин биология мугалими болуп эмгектенди.

   1996-жылдын ноябрь айында Тогуз-Торо районунан Исаева Шайлоо билими жогорк,.кесиби географ ошондой эле мектеп директору болуп дайындалган.Окуу бөлүмүнүн башчысы Жапаңов Нарынбек дайындалды.

   1996-жылдан баштап окуучуларга, ата-энелерге,мугаимдерге өтө оор жыл болду.Башталгыч класстын окуучулары тамак ичпей калды. Окуу куралдарын сатып алганга туура келди.Окуучулар формасы жок сабакка келе баштады.Ушундай кыйын мезгилде мектептин алдына 25орундуу бала-бакча уюшулду.

   2004-жылы айылдык кеңештин №10чечиминин негизинде Казаалы Абиров атындагы орто мектеби болуп,өмүрү өрнөк инсаныбыздын аты ыйгарылган.

  2006-жылы Исаева Шайлоо «Аруу-Тилек»бала-бакчасынын жетекчиси болуп иштеп кетти. Жапаңов Нарынбек мектеп директору болуп дайындалды.Башталгыч класстарга кайрадан тамак,чайлар бериле баштады.Окуучуларга тамак үчүүгө идиш-аяк менен толук камсыз болду.Мектепке 6 компьютер, 1скайнер, 1принтер алынды.   Мындан сырткары 4 компьютер депутат Чыныбай Турсунбеков  тарабынан ал эми Нариман Тулеев 1ямаха белеке беришти.  Көптөгөн алгылуктуу иштер жасалды. Жапаңов Нарынбек пенсияга чыккандыгына байланыштуу Мектеп директорлугун Самара Турузбековага өткөрүп берди. 40жылдык тарыхы бар мектеп -ти жаңыртуу максатында Самара Турузбекова көптөгөн эмгектерди кылып, жаңы мектептин курулушуна чоң салып кошуп,заман талабына ылайык эки кабатуу жаңы мектеп курулду. Коптогон ийгиликтер жаралды.

   2022-жылдын сентябрь айында Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп директорлоруна тестирлөө жүргүзүлүп, Асан уулу Кубатбек  жеңип чыгып, Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалды.

 

Мектеп директорлору:

 1.Алапаев Кулубай 1974-1981-жыл сентябрь

2.Исмаилбекова Нуржан 1982-жыл март

3.Жабуева Асипкан 1982-1996-жыл октябрь

4.Исаева Шайлоо 1996-2006-жыл июнь

5. Жапаңов Нарынбек 2006-2013-жыл ноябрь

6.Турузбекова Самара 2013-2022-жыл

7. Асан уулу Кубатбек 2022-жыл.

 

     Окуу бөлүмүнүн башчылары:

  1. Ыманбеков Калкабай 1979-1982-жыл
  2. Осмонов Султангазы 1983-1996-жыл
  3. Жапаңов Нарынбек 1996-2007-жыл
  4. Алапаева Шааза 2007-2011-жыл
  5. Осмонов Султангазы 2011-2022-жыл