Новости

25 апрель күнү биздин мектепте Нарын районунун мектептеринин химия сабагынын мугалимдери үчүн предметтик тажрыйба алмашуу семинары болуп ѳттү. Семинардын уюштуруучулары Дѳбѳлү ѳрѳѳнүнүн мектептеринин химик мугалимдери ѳздѳрүнүн алдыңкы усулдары менен семинардын катышуучуларын кенен тааныштырып , аларга практикалык сабакты уюштуруп беришти. Практикалык сабактарды жана жалпы иш чараны ѳткѳрүүдѳ  К. Абиров мектебинин химия сабагынын мугалими Мукашова Асель мектептин […]
25.04.2023 63
К. Абиров мектебинде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата мугалимдер жана китепканачы менен бирдикте майрамдык иш чара өткөрүлдү, ошондой эле «Акыл Ордо» интеллектуалдык конкурс уюштурулду. Иш чарага окуучулар жана мугалимдер активдүү катышты.
24.04.2023 109
2023-жылдын 12- апрелинде Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде » Билимдүүлүк- көп билгенде эмес, колдоно билгенде» деген темада өрөөндүк деңгээлдеги семинар болуп өттү. Бул иш- чарага мугалимдер мыкты деңгээлдеги ачык көрсөтмөлүү сабактарды жаңы ыкмаларды колдонуу менен өтүштү.
24.04.2023 61
Бүгүн 9 мартта биздин мектепте атактуу педагог-новатор Гапыр Мадаминов агайдын «Энелер мектебинин» ачылышы болду. Мектепти негиздеген тарых сабагынын мугалими Дүйшөнакунова Жыпаркүл өзү Мадаминовдун агайдын энелер мектепти түзүү, уюштуруу жана окутуу боюнча атайын курстан өтүп сертификат алган. Бүгүн ошол ыкманын негизинде Кеӊеш айылында дагы биздин мектептин базасында Мадаминов агайыбыздын  энелер мектеби ачылды. Биринчи сабакка ар айсы […]
09.03.2023 76
Биздин мектептин 7 классынын окуучусу  Кудайбергенова Бермет облустук музыкалык мектептин окуучуларынын катарында алыскы Индия мамлекетинде ѳз ѳнѳрлѳрүн тартуулап келишти. Берметтин жетишкендиктери бизди абдан кубантты жана биз аны менен сыймыктанабыз!! Келечегиң кенен болсун, Бермет!!  
27.02.2023 69
21.02.23. Тилчилер усулдук бирикмесинин декадасы башталууда. 8-класска кыргыз адабияты сабагынан Токтакунова Умутор эженин корсотмолуу ачык сабагы болуп отту. Окуучулар кызыгуу менен иштеп,билимдерин корсото алышты.
27.02.2023 49
Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин 9-класстын класс жетекчиси Орозакунова Сайрагүл «Улутту улут кылган — тил» деген темада ачык тарбиялык саат өттү. Окуучулар тема боюнча өз ойлорун ортого салышты. Активдүү катышышты.
27.02.2023 65
21-февраль- Дүйнөлүк эне тили күнүнө карата уюшулган иш- чаранын соңунан 6- класс кыргыз тили сабагынан ачык сабак өттү. Предметтик мугалим Өмүрова Венера окуучулардын кызыгуусун арттырып усулдук ыкмаларды ыктуу пайдаланды.
27.02.2023 41
КР Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында февраль айы өлкөдөгү бардык окуу жайларда «Англис тили айлыгы» деп жарыялады. Ушул багытта 15-февраль күнү Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы мектептин окуучулары Нарын Америка бурчунда болуп, борбордогу ресурстар менен таанышышты. Алар АКШ элчилигинин кызматкери Крейг Болдуин менен да жолугушту. Кызыктуу суроолору үчүн […]
19.02.2023 53
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттери мектеп окуучуларына «Манас» эпосунан «Каныкейдин Тайторуну чапканы» бөлүмүн сахналаштырып инсценировка тартуулашты. Мектептеринин окуучуларына театрдын башкы администратору Гульмира Сарбагышовнанын уюштуруусу менен Өмүрзак Токтомуратов, Тыныбек Сыдыковдун «Тулпарлар» аттуу эпикалык жомогун коюп, окуучулардын ой-пикирин угуп, баарлашуу болду. Чыгарманын тарбиялык мааниси өз мекенин сүйүү, ырашкерликке үндөѳ, патриоттуулукка чакыруу! Койгон режиссер […]
06.02.2023 57
Бүгүн, 6 февраль 2023-жылы Казаалы Абиров орто мектебинде «Балдарды позитивдүү тарбиялоонун ыкмалары» деген темада семинар-тренинг болуп ѳттү. Бул тренинг ата-энелер үчүн уюштурулуп, ал мектептин соцпедагогу Кадырбеков Султанмурат тарабынан ѳткѳрүлдү. Тренингдин максаты ата-энелер жана коомдун баланын тарбия алуусундагы милдетин ачыктоо жана кѳрсѳтүү болду. Ата-энелер активдүү катышып, кызыгуу менен ынтызарлыкта узашты.
06.02.2023 68
1 / 3123