Биздин мектепте Г. Мадаминов агайдын «Энелер мектебинин» ачылышы болду
Бүгүн 9 мартта биздин мектепте атактуу педагог-новатор Гапыр Мадаминов агайдын «Энелер мектебинин» ачылышы болду. Мектепти негиздеген тарых сабагынын мугалими Дүйшөнакунова Жыпаркүл өзү Мадаминовдун агайдын энелер мектепти түзүү, уюштуруу жана окутуу боюнча атайын курстан өтүп сертификат алган.
Бүгүн ошол ыкманын негизинде Кеӊеш айылында дагы биздин мектептин базасында Мадаминов агайыбыздын энелер мектеби ачылды.
Биринчи сабакка ар айсы класстын балдарынын энелери жана мектептин жетекчилиги катышышты. Сабак катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Катышуучулардын өзгөчө көнүлүнө баткан «Тарбия дөӊгөлөгү» көнүгүүсү энелерге өтө пайдалуу деп баалашты.
Кийинки сабак аркы жумада болот. Сабакка катышууну калагандарга эшик ачык!
Комментарии